Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында жумушчу топтун мүчөлөрү, виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин өкүлдөрү, виртуалдык активдер рыногунун катышуучулары ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой эле жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө өткөн үч жыйналыштын жыйынтыктары талкууланды жана «жол картасы» сунушталды, ошондой эле ачылуучу жаңы адистиктердин тизмеси аныкталды. Негизги багыттар блокчейн технологиялары, криптография, киберкоопсуздук жана жасалма интеллект болуп саналат. Катышуучулар ошондой эле профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатууга көңүл бурушту.
Бул маселе боюнча сунуштар Кыргыз улуттук, Ош мамлекеттик, Кыргыз мамлекеттик техникалык жана Кыргыз экономикалык университеттеринин, ошондой эле мамлекеттик башкаруу академиясынын өкүлдөрү тарабынан айтылды.
Инициативалар үч негизги багытка топтолду:
- профильдик көндүмдөрү бар адистерди даярдоо;
- окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу;
- жогорку окуу жайларынын билим берүү программаларына жаңы багыттарды интеграциялоо.
Бул чараларды ишке ашыруунун максаты өлкөнүн кадрдык потенциалын күчөтүү, санариптик трансформацияны тездетүү жана заманбап технологиялар боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат.