
Планда авиапаркты эки жаңы учак менен толуктоо дагы бар
Республикалык жыйында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков авиация тармагынын абалы тууралуу маалымат берди.
Ал өлкөнүн аэропорттору өзүнүн каржылык каражаттарын колдонуп, жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алганын билдирди.
«Планда Q400 моделиндеги учакты кошуу жана эки Airbus A321 сатып алуу каралган», — деп белгиледи министр.
Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков ички аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого 8 млрд 400 млн сом бөлүнгөнүн айтты.
Учурда Кыргызстанда сертификатталган жана иштеп жаткан 11 аэропорт бар.
сүрөт www