
Бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган.
Кыргызстандын Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын, анын ичинде ири мүйүздүү мал, кой, эчки жана аттарды чыгарууга убактылуу мораторий киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматында маалымдалды.
Имзаланган токтом Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан бекитилди.
Убакыттуу тыюунун күчүндө болуу мөөнөтү алты айды түзөт жана ал аталган жаныбарларды өлкөдөн чыгарууга тиешелүү. Бирок белгилүү бир исключениялар бар:
– Кыргызстан аркылуу транзит;
– мелдештерге катышкан спорттук аттар;
– чет өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга же жеке адамдарга белек катары берилген аттар;
– Кыргызстанда өстүрүлгөн жаныбарларды эсепке албаганда, мамлекеттик оператор — «Кыргыз Агрохолдинг» акционердик коомунун экспорттогон жаныбарлары;
– эл аралык рейстерде чыгарылган аттар.
Маалыматта бул документ азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өлкөдөгү азык-түлүк товарларынын баасын стабилдештирүү үчүн кабыл алынганы баса белгиленет.
сүрөт www