Шнобелдик сыйлыкты АКШда дагы бербейт

Евгения Комарова Жергиликтүү жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Быйыл Шнобелдик сыйлыктарды тапшыруу аземинин салтанаты, адаттагыдай эле Америка Кошмо Штаттарында эмес, биринчи жолу Европада өтөт. Meduza маалымат агенттигине шилтеме берип, Associated Press билдиргендей, бул чечим Дональд Трамптын администрациясы жүргүзгөн иммиграциялык саясаттагы өзгөрүүлөр менен байланыштуу кабыл алынды.

Журналдын редактору жана аземдин алып баруучусу Марк Абрахамс: «Акыркы жылда Америкада биздин коноктор үчүн коопсуздук жагдайы начарлады. Биз бул жылы башка өлкөлөрдөн лауреаттарды жана журналисттерди бул иш-чарага чакыра албайбыз», - деп белгиледи.

Мурда сыйлык тапшыруу аземдери сентябрь айында Гарвард университети, Массачусетс технологиялык институту жана Бостон университети сыяктуу окуу жайларда өтчү. Бирок өткөн жылы он жеңүүчүнүн төртөө Бостонго баруудан баш тартты.

Эми болсо иш-чара Цюрихте жана Европанын башка шаарларында уюштурулат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: