Милиция тарабынан берилген маалыматка ылайык, Урмат акыркы жолу 2025-жылдын 24-декабрында WhatsApp аркылуу үй-бүлөсү менен байланышкан. Ошондон бери анын кайда экендиги тууралуу эч кандай маалымат жок.

Бишкекте 22 жаштагы Урмат Ишенбековду издеп жатышат.
Издөө Бишкек шаарынын Ленин районунун ЖУИ УВД автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган.
Урматтын өзгөчөлүктөрү: бойу 160-165 см, салмагы 60-65 кг, дене түзүлүшү орто, териси ачык, узун кара чачы бар. Ошондой эле сол тизесинде шрамы бар.