
Мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Египет, Оман, Словения жана Бенилюкс сыяктуу өлкөлөр менен визасыз кирүү боюнча келишимдерди ратификациялоого байланыштуу мыйзам долбоорлорун талкуулашты.
Доклад менен тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев чыгып, бул келишимдерге ылайык, Кыргызстан менен аталган өлкөлөрдүн дипломатиялык, атайын жана кызматтык паспортторуна ээ жарандар 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин бири-бирин кыйынчылыксыз кыдыра алышарын билдирди.
Талкуу учурунда депутаттар тышкы иштер министрлигинин визалык режимди жөнөкөйлөтүү үчүн өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү боюнча иштерин улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Бул дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерине гана эмес, жалпы жарандык паспорттору бар жарандарга да тиешелүү болушу керек.
Талкуудан кийин мыйзам долбоорлору депутаттар тарабынан колдоо тапты.