
Жакында Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды. Мурда бул жерди «Айдоочулар союзунун» компаниясы колдонуп, ар кандай транспорт каражаттары үчүн токтотуучу жай болгон.
Бишкек мэриясынын пресс-кызматы билдиргендей, бул аймак шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөй колдонулган.
Учурда мэрия жер участогун кайтаруу үчүн зарыл болгон аракеттерди жүргүздү. «Айдоочулар союзу» компаниясы үч күндүн ичинде аймактагы бардык объектилерди демонтаждоо боюнча милдеттенме берди.
Учурда аймакты унаалардан бошотуу жана тосмолорду демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.


Кийинки пландарда Чыгыш автобекетин реконструкциялоо, такси жана маршруттук микроавтобустар үчүн Кемин, Кант жана Токмок шаарларына жөнөп кетүүгө ылайыкташтыруу каралган.
Келерки иштердин алкагында аймак толугу менен асфальтталып, сырттан жарык берүүчү жабдуулар орнотулат, жол белгилери коюлат жана жолдун чийиндери жасалат.