
Бул операциянын биринчи этабында жарандарыбыздын тизмелери түзүлүп, ошондой эле аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү үчүн зарыл болгон визалар жана уруксаттар алынган. 2026-жылдын 13-мартында адамдар Эль-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобус менен Эр-Риядга чыгып кетишти.
Министрлик эвакуацияны жана жарандарыбыздын мекенине кайтуусун аяктаган соң кошумча маалымат берет.