Программанын угарманы мурдагы айлык акынын көтөрүлүшүнө байланыштуу бухгалтерия жана кадр кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрдү албай калганына нааразычылыгын билдирди, анткени алар "башка чыгымдар" категориясына киргизилген.
"Биз сыртта калдык! Негизи биз эмне үчүн жараксыздардын катарына кирип калдык? Бул жолу да ошондой болобу?" - деп суроо узатты эркек.Орун басар министр "саламаттык сактоо системасында айлык акысы көтөрүлбөгөн бир дагы кызматкер калбайт" деп ишендирди.