
Жайыл районунун прокуратурасынын ишинин натыйжасында тогуз жетим бала жер тилкелерин жана турак жай куруу үчүн жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актыларды алышты.
Жетимдердин укуктарынын бузулушу жетимдердин укуктарын коргоо жана турак жай нормаларына байланыштуу мыйзамдардын сакталуусун текшерүү учурунда аныкталды. Бул категориядагы жарандарды жер тилкелер менен камсыздоо боюнча чаралар убагында көрүлгөн эмес экендиги белгилүү болду.
Аныкталган бузулуулар боюнча Ак-Башат айыл өкмөтүнө прокуратуранын жооп берүү актысы жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча бардык бузулуулар жоюлду.
Кыргыз Республикасынын балдар кодексинин 13-беренесине жана Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык, мамлекет жетимдерди жана ата-энесиз калган балдарды турак жай менен камсыздоого милдеттенет. Эгерде алардын турак жайы жок болсо, 16 жашка толгондо аларга кезексиз турак жай берүү укугу берилет.