
Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаровдун Эл аралык валюта фондунун миссиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу стратегиялык кызматташтыкты талкуулоо алкагында өттү.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан алынган маалыматка ылайык, жолугушууда коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, салык мыйзам бузууга жана башка кылмыштуу аракеттерге каршы күрөшүү сыяктуу негизги маселелер каралды. Ошондой эле мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга байланыштуу тергөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгына басым жасалды.
Талкуунун алкагында 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууга, финансылык чалгындоо органдары менен өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле татаал трансчектик финансылык кылмыштарды тергөө маселелерине өзгөчө көңүл бөлүндү. Прокуратуранын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү дагы диалогдун маанилүү темасы болуп калды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар конструктивдүү байланыштын зарылдыгын белгилеп, кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга ниеттеништи», — деп айтылат маалыматта.