Талас облусунда курулуш компаниясы мыйзам бузуулар үчүн 200 миң сомго айыпталды
Талас районунда, Чон-Токой айылында, суу камсыздоо системасын куруу учурунда текшерүү жүргүзүлгөндө олуттуу мыйзам бузуулар табылган. Курулуш министрлиги билдиргендей, объекттин долбоорлоо жана куруу процессинде курулуш нормалары жана эрежелери, ошондой эле техникалык регламенттер жана кошумча нормативдик актылар сакталган эмес.