




Талас районунда, Чон-Токой айылында, суу камсыздоо системасын куруу учурунда текшерүү жүргүзүлгөндө олуттуу мыйзам бузуулар табылган.
Курулуш министрлиги билдиргендей, объекттин долбоорлоо жана куруу процессинде курулуш нормалары жана эрежелери, ошондой эле техникалык регламенттер жана кошумча нормативдик актылар сакталган эмес.
Текшерүүнүн натыйжасында акт түзүлүп, подрядчик, ОсОО «НТ ГРУПП-СТРОЙ» компаниясына 200 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынган. Бул маалымат Бирдиктүү мыйзам бузуулар реестрине киргизилген.