









Бишкекте эт жана башка социалдык жактан маанилүү азыктар боюнча баалардын көзөмөлү уланууда, деп билдирди шаардык администрация.
Бул мониторинг Свердлов, Первомай, Ленин жана Октябрь райондорунда жүргүзүлүп, ветеринардык кызматтын, антимонополдук жөнгө салуунун жана салык органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте базарларда жана дүкөндөрдө туруктуу текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.
Текшерүүлөр «Ош базары», «Орто-Сай», «Аламедин», «Дордой», «Азиз» сыяктуу базарларда, ошондой эле «Маркеты», «Глобус», «Азия» жана башка соода тармактарында жүргүзүлүүдө.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө сатуучүлөр менен баалардын негизсиз жогорулашынын болбошу жана товарлардын белгиленген чектеги бааларын сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Говядина жана кой этине максималдуу баа 680 сомдон ашпашы керек экенине өзгөчө көңүл бурулууда.
Мындан тышкары, жеткиликтүү баада эт соодасын көбөйтүү боюнча чаралар каралууда, анын ичинде делдалдарсыз соода орундарын бөлүп берүү жана жаңы сатуу пункттарын ачуу.
Мэрия ошондой эле 2026-жылдын 14-январынан тартып Ош базарында этти оптом сатуу токтотулаарын эскертти. Бул боюнча «Алтын-Така» мал базарында санитардык жана ветеринардык нормаларга толук жооп берген жаңы эт павильону «Чүйгүн» ачылды. Азыркы учурда этти оптом сатуу ушул павильондо жүргүзүлүүдө.
Эттин бөлшек сатылышы «Таза адал эт» павильонунда уланууда, анда жергиликтүү тургундар сапаттуу жана коопсуз азыктарды сатып ала алышат.
Учурда эттин оптом баалары: кой этине – 640–680 сом, говядина – 640–680 сом, ат этине – 540–560 сом, ал эми бөлшек баалары 660 сомдон башталат.