Эми эттин оптом сатылышы Бишкектин Первомай районундагы "Алтын-Така" базарында жайгашкан жаңы "Чүйгүн" эт павильонунда жүргүзүлөт.
Бул өзгөртүүлөр ветеринардык жана фитосанитардык нормаларды сактоо максатында министрлер кабинетинин токтомуна ылайык жүргүзүлдү.
Бул чаралардын максаты эт азыктарынын коопсуздугун камсыздоо жана калкка сапаттуу тамак-аш продуктыларын сунуштоо.




Жаңы "Чүйгүн" павильону 800 квадрат метрди ээлеп, бардык санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берет. Анын курамына офис, ветеринардык лаборатория, эт үчүн карантиндик сактоо жайы жана 90 квадрат метрлик муздаткыч камера, ошондой эле башка кызматтык жайлар кирет.
Министрлик азыр эт азыктары коопсуз жана таза шарттарда сатылат деп ишендирет.