Министрлик жаңы жылдык эс алуу күндөрүндө ооруканалар кандай иштээрин айтып берди
Дарыгерлердин кезектери уюштурулат Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылдын декабрь айынын акыркы күндөрүндө, тактап айтканда 30 жана 31-числери, өлкөнүн бардык медициналык мекемелери күчөтүлгөн иш режимине өтөөрүн билдирди. Бул күндөрү медициналык персоналдын кезектери уюштурулат, алар шашылыш жана тез жардам көрсөтүүгө даяр болушат. Бул медициналык кызмат көрсөтүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет, деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматы.