Бишкекте Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 100 жылдыгына арналган медиакампаниянын жыйынтыктары чыгарылды
25-декабрда Бишкекте Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 100 жылдыгына арналган "Аялдар лидерлиги, доорду өзгөрткөн - 100 жыл" аттуу медиакампаниянын презентациясы өттү. Бул тууралуу пресс-релиз редакцияга жетти. Бул кампаниянын максаты кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон, бирок алардын тарыхы узак убакыт бою көңүлдөн четте калган көрүнүктүү аялдардын аттарын коомдук жана тарыхый эс тутумда калыбына келтирүү болду, деп айтылат пресс-релизде.