
Министрликтин маалыматына ылайык, менингококк инфекциясына жана сезондук гриппке каршы вакциналарды камтыган милдеттүү вакцинация бардык зыяратчылар үчүн жүргүзүлөт. Бул чаралар эл аралык медициналык санитардык стандарттарга жооп берет жана хаджга катышуу үчүн зарыл шарт болуп саналат.

Вакцинация 2025-жылдын 23-30-декабрында өлкөнүн бардык аймактарындагы медициналык мекемелерде өткөрүлөт. Иммунизациядан мурун ар бир зыяратчы медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Вакцинация процедурасы бардык коопсуздук стандарттарын жана инфекцияны контролдоо эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт.
Вакцинацияга катышкан бардык медициналык уюмдар зарыл вакциналар жана чыгым материалдары менен камсыздалган. Вакцинациядан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү вакцинация сертификатын алат, ал эми маалымат электрондук вакцинация эсепке алуу системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылы хадж кылууну пландап жаткан жарандарды медициналык текшерүүдөн өтүп, зарыл вакциналарды алууга алдын ала кайрылууга чакырат.
Вакцинация өткөрүлүүчү жайлар тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтынан билүүгө болот.