Анын айтымында, пенсиялардын өлчөмүндөгү өзгөрүүлөр төмөнкүдөй болду:
- 2022-жылы — 33 пайызга;
- 2023-жылы — 38 пайызга;
- 2024-жылы — 18 пайызга;
- 2025-жылы — 12 пайызга.
Алиев ошондой эле 2021-жылы Социалдык фонддун пенсияларга карата бюджети 52 миллиард сомду түзгөнүн, жана ошол убакыттан бери 64 миллиард сомго көбөйгөнүн кошумчалады.
Бул сандар депутаттардын 2026-жылы пенсияларды 10 же 15 пайызга караганда болгону 7 пайызга көтөрүү пландалгандыгы тууралуу суроолоруна жооп болду.
Мурда Бактияр Алиев 2026-жылга карата пенсиялардын 7 пайызга көбөйүшү күтүлүп жатканын, бул үчүн 1 миллиард 200 миллион сом каралганын билдирген.