Бишкекте «Манас» эпосунун күнү белгиленди. Сүрөт
4-декабрда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Улуу залында «Манас» эпосунун күнү менен байланыштуу салтанаттуу иш-чара өттү, деп билдирет Маданият министрлигинин маалымат кызматы. Иш-чарага катышуучулар арасында мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты боюнча биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Суйунбек Касмамбетов, манасчылар жана манас таануучулар болду.