Бишкекте "Интергельпо" кооперативинин юбилейине арналган акция өтөт. Программа
28-ноябрда Бишкек шаарындагы "Диалог" маданий үйүндө (Трудовая көчөсү, 4) "Улуу миссия – юбилей жылдын финалы" аттуу эл аралык маданий акция өтөт. Бул акция "Интергельпо" кооперативинин жүз жылдыгына арналган. Тийиштүү маалымат пресс-релизде жарыяланды. Иш-чара 15:00дө башталып, 17:15ке чейин уланат, каалагандар үчүн кирүү акысыз.