
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тазалоо системаларынын абалы канааттандырарлык деп бааланды, бирок алар модернизациялоону талап кылат.
Эски тазалоо курулмаларын модернизациялоого комплексдүү мамиле зарылдыгына байланыштуу, ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул топ учурдагы тазалоо системаларынын инвентаризациясын жана иштешинин натыйжалуулугун аныктоо менен алектенет.
Топтун мүчөлөрү «Бишкекводоканал» МПнын тазалоо курулмаларын зыярат кылышты, анда механикалык жана биологиялык тазалоо, ошондой эле хлорлоо процессин ишке ашыруу жүргүзүлүүдө, андан кийин тазаланган канализациялык суулар Чу дарыясына чыгарылат. Объекттин аймагында бактериологиялык жана химиялык анализдерди жүргүзгөн аккредитацияланбаган лаборатория иштейт. Учурдагы системалардын абалы канааттандырарлык деп бааланганына карабастан, толук модернизация зарыл болуп турат. Экологиялык мониторинг департаментинин кызматкерлери тазалоо процессинин натыйжалуулугун анализдөө үчүн тазаланган сууларды жана тазалоодон мурунку сууларды алып жатышат.
2024-жылы Бишкек мэриясы жана Вьетнамдык SFC-JV компаниясы «Тазалоо курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо» долбоору боюнча мамлекеттик-менчик өнөктөштүк келишимин түзгөнүн белгилеп өтүү керек. Бул долбоордун алкагында ультрафиолеттик дезинфекция жана жытты нейтралдаштыруучу системаларды орнотуу сыяктуу заманбап тазалоо технологияларын киргизүү пландалууда. Бардык иштерди аяктоо 2026-жылдын декабрында пландалууда.