ЖК комитети мас абалда унаа башкаргандыгы үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун II окууда жактырды
Бүгүнкү отурумда Судьялык-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет «Кыргыз Республикасы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун II окууда карап, жактырды. Бул мыйзам долбоорун министрлер кабинети сунуштаган. Комитеттин төрагасы Суйунбек Омурзаков киргизилген өзгөртүүлөрдү сунуштап, алардын президенттин 2021-жылдын 7-декабрында № 548 менен кол