Бишкекте «Кыргызстандын аялдары» китебинин 9-томунун тааныштырылышы болду
Китеп өлкөдөгү көрүнүктүү аялдар жана алардын ар кандай тармактардагы жетишкендиктери тууралуу айтып берет. Бишкекте Эл аралык аялдар күнүнө арналган иш-чара өтүп, анда «Кыргызстандын аялдары» энциклопедиясынын 9-томунун тааныштырылышы болду. Бул тууралуу маалыматты президенттин администрациясы берди. Иш-чарада мамлекеттик катчы Арслан Койчиев куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. Ал өлкөдө президент тарабынан сунушталган «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктик» улуттук доктринасы активдүү ишке