Спорттук колледждин негизинде Бишкекте Футбол Академиясы түзүлөт
Бишкекте, Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин олимпиадалык резерв базасында Футбол Академиясын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол ассоциациясынан (КФС) маалымат алынды. КФСтин маалыматына ылайык, жаңы академиянын негизги максаты колледждин футбол бөлүмүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын окуучуларын КФС тарабынан өткөрүлгөн мелдештер системасына интеграциялоо болуп саналат.