Корпоративге альтернатива. Спец мектеп №30га спорттук тренажерлер берилди жана медициналык кабинет түзүлөт
Бишкекте, мэрия корпоратив үчүн пландалган каражаттарды мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүүгө жумшоону чечти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бул демилгени ишке ашыруу алкагында мэр Айбек Джунушалиев атайын мектеп №30га барып, окуучуларга спорттук тренажерлорду тапшырды, бул алардын физикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана ден соолугун чыңдоого жардам берет.