На улице Биримдик Кут в Бишкеке «Автоураган» системасы орнотулат
Жаңы асфальт төшөлгөн Биримдик Кут көчөсүндө айдоочулардын ылдамдык режимин бузуу учурларынын көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖККБ) басма сөз кызматы билдирет. Ошондуктан, жол кырсыктарын жана оор кесепеттерди алдын алуу максатында, аталган көчөдө башкармалыктын кошумча патрулдары уюштурулат.