
Мамлекеттик салык кызматынын жыйыны бизнесмендердин катышуусунда өттү
Кыргызстан алкоголь жана тамеки продукциясын көзөмөлдөө системасын киргизүүгө даярданып жатат, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы (МСК).
2026-жылдын 11-февралынан тартып экспорттолгон жана импорттолгон продукцияларга навигациялык пломбалары коюлат.
Бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында жакынкы өзгөрүүлөр жана алардын рынокко тийгизген таасири талкууланды.
Пломбаларды киргизүүнүн негизги максаты - декларацияланган товарлардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо, бул өз кезегинде чек арадан өтүү процессин жеңилдетет жана ишкерлердин жүгүн азайтат.
Мындан тышкары, МСК жаңы талаптарга ылайык бизнеске жардам берүү үчүн окутуу иш-чараларын уюштурууну пландаштырууда.
Бул кадам ЕАЭБдин товарларды мониторингдөө үчүн навигациялык пломбаларынын киргизилиши боюнча келишимдин алкагында кабыл алынды.
Сүрөт www