Пломбаларды колдонуу бардык товар категориялары үчүн ыктыярдуу жана акысыз негизде жүргүзүлөт, алар:
- Кыргызстандан Казакстанга жана Россияга;
- Казакстандан жана Россиядан Кыргызстанга «Ак-Тилек Автодорожный» жана «Карасу» чек ара өткөрмө пункттары аркылуу.
- «Ак-Тилек Автодорожный» (Кыргызстан);
- Казакстан жана Россиянын чек арасындагы пункттар;
- «Карасу» (Казакстан).
Пломбалар коюлган пункттар:
Пломбалар алынган жерлер:
- Бишкектеги кабыл алуучулар — Кыргызстанга киргизилгенде;
- Казакстан жана Россиянын чек арасындагы пункттар — транзит учурунда;
- Алматыдагы кабыл алуучулар — Казакстанга киргизилгенде.
Долбоорго катышуу үчүн жүк ташуучулар өздөрүнүн каттоосунан өткөн салык органдарына жана Бишкектеги жана түндүк региондогу ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча ГНС башкармалыгына кайрылышы керек.
ГНСте белгилегендей, пилоттук долбоор 2025-жылдын 22-августунда Кыргызстандын Салык кызматы менен Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети ортосунда кол коюлган меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.
Пилоттук долбоордун максаты — пломбаларды колдонуу процессин иштеп чыгуу, товар жүгүртүүнүн ачыктыгын жогорулатуу, контролдук процедураларды тездетүү жана бизнести Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жүк ташууларды көзөмөлдөө системасын мажбурлуу киргизүүгө даярдоо.