«Бизнес Казакстандан Кыргызстанга «качып» кетеби?»

Наталья Маркова Экономика
VK X OK WhatsApp Telegram
«Казакстандагы бизнес Кыргызстанга «качып» кетеби?

2026-жылдын 1-январынан баштап коңшу мамлекетте жаңы Салык кодекси күчүнө кирет


Казакстанда 2026-жылдын 1-январынан баштап жаңыланган Салык кодекси иштей баштайт, ал бизнес үчүн маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келет. Жаңы өзгөрүүлөрдүн арасында НДСнын ставкасын 12%дан 16%га чейин жогорулатуу, ошондой эле тамеки, алкоголь жана энергетикалык ичимдиктерге акциздердин көтөрүлүшү бар.

Бул өзгөрүүлөр көптөгөн кичи жана орто ишканалардын жабылышына, ошондой эле алардын Кыргызстанга «эмиграциясына» алып келиши мүмкүн.

«Бизде ЕАЭС чегинде чындап эле эң төмөнкү салыктар бар. Салык салуунун көптөгөн түрлөрү бар. Мисалы, электрондук соода үчүн 2% салык жана социалдык фондго төлөмдөр каралган. Соодада патенттерди колдонууга болот. Башка ишмердүүлүк түрлөрү үчүн салык акчасыз эсептешүүдө 4%, кеӊеште 6% жана ККМ колдонуу менен 8% түзөт», — деди экономист Искендер Шаршеев Vesti.kg менен болгон маегинде.

Мунун натыйжасында Россиядан жана башка өлкөлөрдөн көптөгөн компаниялар Кыргызстанда өз өкүлчүлүктөрүн ачышты.

«Анткен менен, алардын ишмердүүлүгүнө кээде тоскоол болгон жергиликтүү чектөөлөр бар. Бирок мындай чаралар жергиликтүү рынокторду жана улуттук сооданы коргоого, ошондой эле эки эсе салык салуу менен байланышкан тобокелдиктерди алдын алууга багытталган. Деген менен, бизнесинин бир бөлүгүн көчүрүү мүмкүнчүлүгү бар», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстанда салык системасында өзгөрүүлөр пландалууда. Айрыкча, жарандардын арасында алардын керектөөсүн азайтуу үчүн тамеки, алкоголь жана энергетикалык ичимдиктерге акциздерди жогорулатуу сунушталууда.

Сүрөт www
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: