Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларына талаптар катаалдашат
Кабинет министрлер Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдерди жөнгө салууну жакшыртуу жана криптовалюта рыногун өнүктүрүү үчүн туруктуу шарттарды түзүү максатында токтомду бекитти. Жаңы документке ылайык, виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүчүлөрдүн баары 2026-жылдын 1-мартына чейин өздөрүнүн минималдуу уставдык капитал өлчөмдөрүн виртуалдык активдерди соода кылуучу операторлордун (криптобиржалардын) иши боюнча бекитилген талаптарга ылайык келтириши керек. Бул талаптар