
Бишкектин 2050-жылга чейинки өнүгүү Генпланына ылайык, борбордо жаңы трамвай линиясын куруу пландалууда. Ал 12 микрорайонду шаар борбору менен бириктирип, Ош базарына чейин уланат, деп билдирет мэрия.
Трамвайдын курулушу Аалы Токомбаев проспектиси боюнча 12 мкрдан башталып, андан кийин Киевская көчөсү аркылуу Ош базарына чейин уланат.
Мэрияда долбоорду ишке ашыруунун последовательдүүлүгү жана маршруттарды тандоо кийинки этаптарда, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу менен аныкталат деп такташты.
Мындан тышкары, шаар тургундары Бишкектин айланасында трамвай линиясын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташты.
Бул боюнча муниципалитетте Генплан трамвай маршруттарын эң көп жүргүнчү агымын эске алуу менен, жогорку тыгыздыктагы курулуш аймактарын камтып, шаар борбору менен тиешелүү байланыштарды камсыздай турганын билдиришти.
Ошентип, трамвай линиясын айланта куруу жүргүнчү ташууларды натыйжалуу тейлөө үчүн ылайык келбейт, деп түшүндүрүштү мэрияда.