Бир үй-бүлөнүн тарыхы: Түркмөн кызы Ысык-Көлдө келин болуп, күйөөсүнүн үй-бүлөсүн багындырды
Сабрина Джумаева жана Мирбек Нурбеков «Жубайлар» рубрикасында жаңы каарман болуп чыгышты. Сабрина 2001-жылы Джети-Огуз районундагы Тамга айылында төрөлгөн. Учурда ал жана күйөөсү Караколдо жашашат. Улуту боюнча ал метис, атасы — түркмөн.