101 жылдык кыргыз милициясынын урматына Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө автомобиль тартууланды
24-ноябрь күнү Чүй облусундагы Панфилов райондук ички иштер бөлүмүндө жаңы унаа салтанаттуу түрдө тапшырылды, деп билдирет Turmush агенттигинин кабарчысы. «Мерседес-Бенц» маркасындагы унаа кыргыз милициясынын 101 жылдыгын белгилөө үчүн демөөрчүлөрдүн белеги болуп калды. Ключтордун тапшырылышына арналган иш-чарада бөлүмдүн кызматкерлери жана ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагалары катышты.