Жолугушууга куруучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Акматов, министрдин орун басарлары, департамент директорлору, ошондой эле Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин бардык инспекторлору катышты.
Жолугушууда министр 2025-жылдын 2-июлундагы министрлер кабинетинин № 393 токтомуна киргизилген өзгөртүүлөрдү кенен түшүндүрдү.
Жаңы жоболорго ылайык, капиталдык курулуш, реконструкция, профилди өзгөртүү жана пландоону курулуш объектилеринин реестрине (республиканын жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган объектилерди эсепке албаганда) киргизүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Төлөмдүн өлчөмдөрү жана тартиби тиешелүү нормативдик актылар менен аныкталат.
Акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүүнүн негизги максаттары төмөнкүлөр:
- объектилерди каттоо үчүн бирдиктүү механизм түзүү;
- курулуш иштеринин сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу;
- курулуш объектилеринин реестрин түзүү;
- курулуш тармагында туруктуу мамлекеттик контролду камсыз кылуу;
- коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.
Министрдин айтымында, бул өзгөртүүлөр курулуш тармагын уюштурууга, объектилерди каттоо үчүн бирдиктүү механизм түзүүгө жана курулуштун бардык этаптарында коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
«Биздин максат — ачык, системалуу жана жооптуу контролду камсыз кылуу, ошондой эле курулуш тармагын колдоо», — деди Нурдан Орунтаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш компанияларынын жетекчилери суроолорду берип, өз сунуштарын билдиришти.