Министрликтин маалыматына ылайык, Токмокская көчөсүндөгү 45, 47 жана Загорская көчөсүндөгү 22, 24 даректери боюнча тогуз кабаттуу турак үйдү куруу учурунда курулуш нормаларынан четтөө учурлары катталган. Ошондой эле, Мичурина көчөсүндөгү 27 даректеги тогуз кабаттуу имараттын курулуш аянтчасында да ушундай мыйзам бузуулар аныкталды.

Учурда бул иштер үчүн ОсОО "Стальмонтаж плюс" компаниясы жооп берет. Ведомство мыйзам бузуулар боюнча актыларды түзүп, 423 миң сом өлчөмүндө айыппул салды. Мындан тышкары, жазуу түрүндөгү эскертүү берилди, натыйжада ОсОО "Стальмонтаж плюс" компаниясынын лицензиясы курулуш объектиндеги туура эмес жактарды оңдой турганга чейин убактылуу токтотулду.