Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты аяктады
Бишкекте 7-ноябрдан 9-ноябрга чейин самбо боюнча дүйнө чемпионаты өттү, анда планетанын мыкты самбисттери үч дисциплинада: спорттук самбо, жекпе-жек самбо жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн самбо боюнча 31 комплект медаль үчүн атаандашышты. Турнирдин акыркы, үчүнчү күнүндө он салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды.