Гидромет кызматкерлерине 20 миң сомдук кошумча төлөм берилет
Президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнө ылайык, 2026-жылдын 1-январынан баштап, мамлекеттик кызматкерлер категориясына кирбеген Гидрометеорология кызматынын кызматкерлерине айлык акысына 20 миң сом өлчөмүндө ай сайын кошумча төлөм берилет. Бул чечим, 37-номерлүү буйрукта көрсөтүлгөндөй, Гидромет кызматынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган.