ОТГ өлкөлөрүнүн министрлери технологиялар жана өнөр жай тармагында жаңы аракеттер планын макулдашты
Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында 24-октябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) илим, технология, инновациялар жана өнөр жай министрлеринин 2-чи жыйыны өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков катышты. Өз сөзүндө министр ТМУнун маанилүүлүгүн жана өсүп жаткан ролун белгилеп, мамлекеттер ортосунда кызматташуу үчүн кеңири чөйрөнү камтый турганын айтты.