Жарылы-Кайынды жазыгында 3 эркек киши курал жана косулдун эти менен кармалды, - Минприроды
24-октябрда Панфилов районунун Жарылы-Кайынды жазыгында Чүй облустук экология жана табигый ресурстар башкармалыгынын уюштуруусунда, президенттин иш башкармалыгына караштуу аңчылык чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрүлдү. Экология жана табигый ресурстар министрлигинин маалымат кызматы берген маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Nissan Terrano унаасы токтотулган. Унаанын ичинде бир нарезное жана бир гладкоствольное ок атуучу курал, ошондой эле кошулдун эти жана буту табылган.