ИГИЛ кыргызстандыкты Телеграм аркылуу жалдаган. Аны ГКНБ кармады
Мындан тышкары, А.Ч.К. социалдык тармактарды активдүү колдонуп, ИГИЛдин символикасы менен байланышкан видеоматериалдарды таратып келген. Ал жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү адабият, ИГИЛдин желеги жана зарыл документтери жок травматикалык тапанча табылган. Жогоруда айтылганга байланыштуу, А.Ч.К.га каршы КРнын 255-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кармалган адам Караколдогу СИЗО-27ге жайгаштырылып, зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө.