Ош шаарында Япония күндөрү өттү
Япония күндөрү, Кыргызстандагы Япония элчилиги, JICA жана Кыргыз-Япон адам өнүктүрүү борбору (KRJC) тарабынан уюштурулуп, 17 жана 18-октябрда түштүк борбору — Ош шаарында өттү. Иш-чаралардын биринчи күнү Ош мамлекеттик университетинде япон фильмдеринин «Жакын жердеги кереметтер» көрсөтүлүшү менен башталды. Бул фильм япон тилин үйрөнүп жаткан студенттер үчүн атайын япон фондусу тарабынан сунушталган.