Көпчүлүк кыргызстандыктар тамактануу жана физикалык активдүүлүк боюнча сунуштарды сакташпайт, - изилдөө
STEПS-2023 изилдөөлөрүнүн маалыматтарына ылайык, Кыргызстандагы жарандардын 75,9% Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) жашылча жана жемиштерди колдонуу боюнча минималдуу сунуштарын аткарбайт. Мындан тышкары, жарандардын болжол менен 20,8% тамагына тузду үзгүлтүксүз кошуп турушат, ал эми калктын экиден үчтөн көбү (68,3%) физикалык активдүүлүк менен алектенбейт. Бул көрсөткүч аялдар арасында таң калыштуу 92,8% түзөт.