Жаңы мыйзамдын негизги максаты — 2024-2028-жылдарга арналган санариптик трансформация концепциясын бекитүү боюнча президенттин 2024-жылдын 5-апрелинде чыгарган 90-номерлүү жарлыгын ишке ашыруу. Ошондой эле мыйзам 2025-жылдын 10-январында Администрация тарабынан берилген протоколдук тапшырманын 7-пунктун аткарууга жана «Умный город» долбоорундагы «Коопсуз шаар» компонентинин алкагында ички иштер органдарынын ишин оптималдаштырууга багытталган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, сунушталууда:
- укук бузуулар боюнча иштердин катышуучуларына документтерди, мисалы, чечимдерди, протоколдорду, токтомдорду жана буйруктарды электрондук түрдө тапшыруу;
- укук бузуулар боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан адамдарды электрондук почта же СМС аркылуу документтерди жөнөтүү менен кошумча маалымдоо;
- электрондук документтерди жеткирүү тартибин жана аларды башка электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүүнү белгилөө, бул Министрлер Кабинети тарабынан жөнгө салынат.