23-ноябрда Дохада UFC Катар турнири өтүп, кыргызстандык мушкер швед Джек Херманссон менен беттешти.
Оролбай уулу биринчи раундда атаандашын нокаутка жиберип, башына так сокку уруп жеңди.
Анткен менен, турнирдин жыйынтыгы боюнча ал $50000 бонус алгандардын катарына кирген жок.
Бул сыйлыктар Армян Царукянга, Валдо Кортес-Акостага, Киоджи Хоригучиге жана Люк Райлиге «Кеченин чыгышы» үчүн берилди.
Өткөн беттешинде Оролбай уулу дагы биринчи раундда жеңишке жеткен, бирок ошол учурда ал да бонус алган эмес. UFCнин президенти ошол учурда кыргызстандык мушкердин салмакка кире албаганын белгилеген.
Бул публикацияны Instagramда көрүңүз
Публикация UFC (@ufc) тарабынан