
2-февралдан 18-февралга чейин Антальяда Кыргыз футбол союзунун судьялары үчүн окуу-тренировка жыйыны өтүп жатат. Программада 18 негизги арбитр, 24 жардамчы, 7 инструктор, ошондой эле врач-массажист жана Азия футбол конфедерациясынан (АФК) чакырылган адис катышууда.
Жыйындын жүрүшүндө судьялар ар түрдүү тренингдерден өтүшөт: физикалык даярдыктан теориялык сабактарга жана видео талдоолорго чейин. Ошондой эле матчтарда иштөө боюнча практикалык тренингдер каралган.
Катышуучулардын даярдык деңгээлин баалоо үчүн Оюн эрежелери боюнча тестирлөө, VAR системасы боюнча экзамендер жана контролдук физикалык тесттер уюштурулган.
Бул окуу жыйынынын максаты — судьялардын кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу, эл аралык стандарттарга жооп берүү жана келечектеги мелдештерге сапаттуу даярдыкты камсыздоо.