Кыргызстандык - АФК Чемпиондор Лигасынын финалында

Кыргызстандык - АФК Чемпиондор Лигасынын финалында


Кыргызстандык Кемел Токабаев футбол боюнча АФКнын Чемпиондор Лигасынын финалдык оюнуна комиссар болуп дайындалды. Оюн 1-ноябрда Эр-Рияд шаарында (Саудия Аравиясы) же Аль-Айнда (БАЭ) өтөт.

ФЛКнын сайтына ылайык, Азия Футбол Конфедерациясы континенттин негизги клубдук мелдешинин финалдык оюнуна кызмат көрсөтүүчү расмий адамдардын тизмесин жарыялады. Финалдык оюн 1-ноябрда Эр-Рияд шаарында (Саудия Аравиясы) же Аль-Айнда (БАЭ) өтүп, ага Япониянын тажрыйбалуу рефери Юичи Нишимура баштаган арбитрлер бригадасы кызмат көрсөтөт. Судьялар бригадасына Бахрейнден келген өкүл Абдулрахман Аль Делавар жетекчи болуп дайындалды.
Бул оюнга комиссар болуп дайындалган кыргызстандык Кемел Токабаев, Кыргызстандын Футбол Лигасынын директору жана Азияда биздин өлкөнүн АФКдагы жалгыз комиссары экендигин белгилеп өтүү керек. Мындай деңгээлдеги оюнга отандык комиссардын дайындалышы Кыргызстан үчүн сыймык.
- Мен АФКга көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирем, жана финалдык оюн Азия футболунун күйөрмандары үчүн көп жакшы позитивдерди тартуулайт деп үмүттөнөм, - деп К. Токабаев ФЛКнын сайтына өз дайындалышы тууралуу комментарий берди.

К. Токабаевдин эмгек тарыхы:
2008-жылдан бери АФКнын оюндарынын комиссары, 2011-жылдан бери ФИФАнын комиссары. Жалпысынан ФИФА жана АФКнын алдындагы ар кандай деңгээлдеги 156 эл аралык оюнга кызмат көрсөткөн.
Алардын ичинен:

- Азия Кубогу Катар-2011 – Финалдык бөлүк
- Бразилия-2014 Дүйнө Кубугунун тандоо этабы
- Лондон-2012 Олимпиада квалификациялык раунду
- 2011 жана 2012-жылдардагы АФКнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалдары
- АФК Кубогу жана АФКнын Президент Кубогу оюндары
- Футзал боюнча Азия чемпионаты – Финалдык бөлүк (Тайланд-2008, Өзбекстан-2010 жана БАЭ-2012)
- АФКнын Чакыруу Кубогу Индия-2008 – Финалдык бөлүк
2008 жана 2010-жылдардагы 16 жашка чейинки Азия чемпионаттары жана башка.

Источник: sport.kg
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent