
Архивден алынган сүрөт. Кыргызстандан Тимур Шакиров Италиядагы Олимпиадада 62-орунду алды
Мелдешке катышкан 81 тоо лыжачысы болду.
Алгачкы аракетинде Тимур 1 мүнөт 29,52 секунддук натыйжа көрсөтүп, 67-орунду алды. Экинчи аракетинде ал өзүнүн натыйжасын жакшыртып, 1 мүнөт 22,5 секундда финишке чыгып, 63-орунду ээледи.
Ошентип, эки аракеттин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык 62-орунга чыкты.