
Албанияда өткөн рейтингдик күрөш турниринде Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) маалымдады.
68 килограмм салмак категориясындагы финалдык беттеште Кыргызстандык спортчу болгардын Юлиана Яневадан 0:2 эсебинде жеңилди.
Бул учурга чейин Жуманазарова АКШ жана Түркиянын күрөшчүлөрүн жеңген.
Ошондой эле, кыргызстандык Эрназар Акматалиев Албаниядагы аналогдук эркин күрөш турниринде алтын медаль утуп алганын белгилеп өтүү керек.