

Бишкектеги көркөм гимнастика федерациясынын президенти Евгения Быковская: "Эл аралык гимнастика федерациясы турнирдын өткөрүлүшүн кылдаттык менен көзөмөлдөп, уюштуруучуларды жана процессин анализдейт. Биз жетиинчи жолу эл аралык иш-чара өткөрүп жатабыз, жана алар биздин жыйынтыктарды, судьялыкты жана өлкөлөрдүн колдоосун баалашты, бул бизге FIG уюму тарабынан турнири өткөрүүгө уруксат алууга мүмкүндүк берди." деп белгиледи.
FIG турниринин статусы жогору, анткени анда катышуучу өлкөлөрдүн мыкты гимнасткалары тандалат. Биздин турнирибизде Азия чемпионаттарына катышчу спортчулар чыгышат, алар дагы Бишкекте өтөт.



Биринчи FIG турнирине Азербайжан, Казахстан, Тажикстан, Армения, Кувейт жана Кыргызстандан спортчулар катышууда. Программа жеке чыгыштарды жана топтук көнүгүүлөрдү камтыйт, ал эми финалдар 8-мартта өтүп, жеңүүчүлөр жарыяланат.
Соревнованиенин максаты — Кыргызстанда көркөм гимнастиканы популяризациялоо, квалификациялык нормаларды бекитүү, мыкты гимнасткаларды аныктоо жана эл аралык спорттук байланыштарды бекемдөө.